Голландияда 19 абак жабылды, түрмөлөрдү толтурган  кылмышкерлердин жок болгону себеп болгон.  Дагы 5 абак жайы  мыйзамдын негизинде жабылуу  алдында турат.

Бул чечим өлкө боюнча жалпы 2000 миң адамды ишсиз калтырууда, алардын болгону 700ү гана укук коргоо жана башка органдарда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кылмыштуулуктун санынын туруктуу азайышы менен, түрмөлөрдү жоюу 2004-жылдан бери жогорулап келет.

Бош камераларды толтуруу бул жакта чоң көйгөйгө айланган. Былтыркы жылдын күз айларында  колонияларды толтуруу үчүн 240 кылмышкерди Норвегиянын түрмөсүнөн алып келген.

Голландияда кылмыштуулуктун абдан төмөн даражада болгондугуна бир нече жүйөлүү себептери бар.   Алар шектүүнү эркинен ажыратууга караганда даарылоого көп көнүл бөлүп, кылмышкерлерге электрондук браслеттерди тагып коюп , коомдогу баардык жумуштарга ишке алынуусу мүмкүндүк берет .

Аталган өлкөдө калктын саны 17 миллионду түзүп, кылмышкерлеринин саны 11600 гана адам.

Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион, ал эми камалгандардын саны 10 959 жаран.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.