25-ноябрда Берлиндин жанындагы Германиянын Нойенхаген шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган театралдык кече өткөрүлдү. «Жамиля» атту аңгеме боюнча спектакль Нойенгхаген шаарынын Маданият үйүндө Томас Рюман жана Тобиас Моргенштерндин көргөзүүсүндө болуп өттү. Мындай маалыматты ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Германиянын Нойенхаген шаарында Ч. Айтматовго арналган кече өткөрүлдү

Иш-чаранын жүрүшүндө, Германиядагы элчи Эринес Оторбаев театралдык кеченин уюштуруучуларына жана спектаклдын каармандарына ыраазычылык билдирип, алардын Чыңгыз Айтматовдун Германияда болгон улуу адабий мурасын сактоо боюнча ролун баса белгиледи. Маданият үйүнүн директору Регина Зюсмут өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы тууралуу айтып берди.

Спектакль көрармандарга абдан кызыктуу болуп, иш-чарага Нойенхаген шаарынын тургундары катышышты, меймандардын саны 400 адамдан ашык болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.