Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Орусиянын “Чоң жетилик” клубуна кайра кошулушуна караманча каршы экендигин айтты.
Ага негиз катары Орусия Украинадан Крым жарым аралын анекциялап алгандыгын белгилеп, Крымды кайра Украинанага кайтарып бермейинче Орусия “Чоң жетиликке” кайтпаш керек деди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны аталган клубка кайтарууну каалайм деп айткан эле.
Анын себебин дүйнөлүк айрым орчундуу маселелерде Орусиянын орду бар экендигин айтып Сирия, Ливия, Украина маселелерин мисал келтирген.
Германиянын көз карашында Орусия аталган маселелер боюнча “Чоң жыйырмалыктын” форматында аралашса болорун белгиледи.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.