Гүлсана Сарногоева “Улуу акындын кызы болуу сыймык жана жоопкерчилик” (Маек)
Байдылда Сарногоев деген ысымды билбеген кыргыз жок чыгар. Ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк таап, көзү өтүп кетсе да калктын калың катмары атын өчүрбөй сактап келет. Дал ошол улуу акындын кызы, маек төрүбүздүн коногу Гүлсана Сарногоева. “Кайра куруу” доору башталып, кыйынчылык күндөр кучагын жайып турганда Италияны көздөй бет алып кетип, иштеп, жашап калган. Улуу акындын кызы менен Италиядагы жашоосу, жана атасы жөнүндө азын оолак кеп кылдык.

Саламатсызбы Гүлсана айым? Алыста болсоңуз мекенди сагынсаңыз керек? Италияда канча жылдан бери жашайсыз?

Саламатчылык! Туулуп өскөн жерин сагынбаган адам болбосо керек. Албетте, Ала-Тоомду, кооз Кыргызстанымды сагынамын. Жыл сайын сагыныч, кусаны таркатып, барып келип турамын. Азыр заман кыйла өңүгүп калбадыбы, күн сайын апам, бир туугандарым менен интернет аркылуу баарлашып турабыз. Анан калса бул жерде кыргыздар көп, алардын бир тобу менен байланышып, мамилебиз жакшы. Мекендештеримдин кең пейилдигине суктанамын, баары ынтымактуу,биримдиктүү. Бул жакта кыргыз кечелери, майрамдар уюштурулуп турат.

Италияда көп жылдардан бери жашаймын. ” Кайра куруу” заманы жаңы эле башталганда өлкөбүздө чоң өзгөрүү болгон. Ал кезде мен кино тармагында эмгектенчүмүн. Залкар кинорежиссер Төлөмүш Океев жетектеген ” Келечек” киностудиясы менен биргелешип Американын, Италиянын режиссерлору ” Чынгызхан” аттуу тасманы тартабыз деп калышты. Мен атактуу актер Орозбек Кутманалиев агам менен бирге массовка менен иштеп калдык. Тасманы тартып бүткөндө мен Италияны көрүп келейин деп кеткем. Кайтып келгенимде иштейин десем иш жок, ата-энем, бир туугандарым да кыйынчылыкта жашап калган учур экен. Мен терең ойлонуп, Италиядагы кино тармагында иштеген тааныштарымдан иш сурап көрөйүн дедим. Ошолордун жардамы менен Италияга келип калып калдым.

Чет өлкөлүк жаранга турмушка чыккандыгыңыздан бир аз кабарыбыз бар. Үй-бүлөнүз, жолдошуңуз жөнүндө айтып берсеңиз? Жыйырма, он беш жыл мурда чет өлкөгө турмушка чыгуу мында турсун, Оштук кыздын Көлгө турмушка чыкканы кээ бир ата-энелер үчүн өөн көрүнүш эмес беле. Бул нерсени сиздин ата-энеңиз, жакындарыңыз кандай кабыл алды?

“Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт”– дегендей ар кимдин жашоосу ар башка да. Маңдайга жазган тагдырдан эч ким качып кутула албаса керек. Туура айтасыз, андай ата-эне үй-бүлөлөр азыр деле бар болсо керек. Биздин үй-бүлөдө андай мыйзам дээрлик жок болчу. Мен турмушка чыкканыма он жылдан ашуун убакыт болду. Турмушка чыгуу чынын айтканда оюмда деле да жок болчу. Жолдошум менен таанышканымда жашоо турмушу тууралуу айтып берген. Мурунку жубайы жаман оорудан каза болуп, 3-5 жаштагы балдарын өзү багып, чоңойтконун айтып берген. Балдары чоңоюп өз алдынча окуп, иштегенче бир да аялга көңүл бурбаптыр. Экөөбүз таанышканда көп ойлорубуз дал келди. Буйрук, насип экен бирге түтүн булатып калдык.

Белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин кызы экендигиңизди билебиз, белгилүү адамдын кызы болуу сыймыкпы? Атаңызды эстегенде оюңузга эң биринчи эле эмне келет? Мыкты акын экенин билебиз, кандай ата эле?

Байдылда Сарногоевдин кызы болуу чоң сыймык жана жоопкерилик! Өзүмдөн мурда атамдын атына так түшүрбөсөм экен деп абайлап турамын. Тагдырга миң ирет ыраазымын. Атамды эстегенимде көп ойлордун ичинен эң биринчи эле ушул нерсе эсиме түшөт. “Буйурса өлкөбүз чоң даражага жетет” – деген сөздү көп айтчу. Ошол ойлогон тилегиңиз орундалса экен деп ичимден ойлоп коемун. Атам кең пейил адам, мыкты ата эле. Жаш баланыкындай жан дүйнөсү таза, бирөөгө жамандык каалабаган адам атам болчу. Улуу-кичүү дебей баарына жакшы мамиле жасачу. Шаарда турабыз, айылдагы туугандардын балдары студент болуп жүрүшкөндө биздин үйгө келип жашашчу. Эки комнаталуу үйдө, 9, 10 адам болуп тыгылып жашай берчүбүз. Бир да жолу аларга башка жактан жай тапкыла деп айткан эмес. Адам пейилин кенен кылса, баары жакшы болот дечү.

“Аккан арыктан суу агат”- деген сөз бар эмеспи, сиздин да ырга шыгыңыз барбы же чыгармачылыктан таптакыр эле алысызбы?

Мен кичинемде ыр жазып калчумун, 20 жашымда болсо керек атама көрсөтпөй, ” Ленинчил жаш” деген гезиттин редакциясына ыр жибергем. Атама текшертсем мүмкүн оңдоп берет эле же болбосо жарабайт ыр жазганга шыгың, таланттың жок деп айтат беле деп эми ойлоп коем. Анан бир күнү редакциядан жооп келди, ыр саптарыңызды окудук, көркөмдүүлүгү жагынан начар деген. Ошондо катуу шагым сынып, каалоом жоголуп кеткен. Андан кийин колума калем албай калдым. Кийин бир таанышым айткан:” Атаңа ыр саптарыңды окутпай кемчилик кетиргенсиң”- деп. Балким анда жаштык кылсам керек.

Атанызга жакын белеңиз? Улуу акын өмүрүндө эмнеге кубанып, эмнеге өкүндү эле?

Атама аябай жакын болчумун. Чыгармачылык менен алектенген жеке кабинети бар болчу,кээде кирип калганымда комуз чертип берчү. Анан китеп текчеде тизилип турган китептерди көрсөтүп: “Гүкүтай, карачы бул китептерди окуп чыксаң дүйнө жузү менен жакшы таанышып чыгасың ”- деп өзгөчө бир сыймык менен айтчу. Тарых, маданият, өзүнүн башынан өткөн окуяларды айтып берүүдөн эч тажачу эмес. Атам жакшы жаңылыктын баарына абдан кубанат эле. Эмнеге өкүнгөнүн бизге таптакыр айтчу эмес. Жөн эле комузун колуна алып, муңдуу күүлөрдү чертип отуруп калганында түшүнчүбүз. Балким бизди аяса керек. Атамдай адам дүйнөдө аз чыгар.

Маектешкен: Гүлзада Абдыраxманова

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.