Лидия Зейналова 14 жашынан баштап бөлмө гүлдөрүнө кызыгуусу артып, түнү көркөм чыгармалардын ордуна өсүмдүктөр тууралуу экнциклопедияны окуп баштаган. Гүлдөр улам бир түрүн өстүрүп, үйү гүлбакчага айланды. Алгач ал гүлдөрдү досторуна жана тааныштарына белекке берчү, кийинчерээк сатуунун ыгын алды. 

 Гүл өстүрүүчү кактустун эле 70 түрүн өстүргөнүн, ал эми башка гүлдөрүн санай электигин айтат. 

Гүлгө болгон сүйүүм чексиз... - Лидия Зейналова

 2000-жылы Лидия күйөөсү менен эки кабаттуу чоң үй тургузушту. Үйдүн долбоору жана дизайны үй ээлерине таандык. Биринчи кабатында өздөрү жашашат, а экинчи кабатын күнөсканага айландырышкан. 

 Борбор калаада жылына 3 көргөзмө өтөт. Анын ар бирине Зейналова активдүү катышат. Айтымында, ал гүлдөрдү өстүрүп, камкордук көрөт, ал эми күйөөсү аларды сатуу иштери менен алектенет. Ушундай ыкма менен үй-бүлө сүйүктүү ишин бизнеске айландырып, аз эмес киреше табышат. Гүл өстүрүүчүнүн коллекциясында башка өлкөлөрдөн сувенирдин ордуна алып келген өсүмдүктөр да бар. 

Бүгүнкү күндө Бишкекте бөлмө гүлдөрүнүн жана гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. Анда 10 гүл өстүрүүчү жана коллекционер өсүмдүктөрдүн ондогон түрүн алып чыгышты. 

Гүлгө болгон сүйүүм чексиз... - Лидия Зейналова

 Тарыхчылар адамдар бөлмө гүлдөрүн өстүрүүнү 5000 жыл илгери колго ала башташкан деп эсептешет. Бирок, биздин заманда гана ага олуттуу кароо жаралды, ага дейре гүлдөргө үй ичиндеги кооздук катары гана мамиле жасалчу. Гүл өстүрүүчүлөрдүн айтымында, бөлмө гүлдөрү ар бир үйгө бир гана кооздук үчүн эмес, пайдалуу болгондуктан да керек. Жабык имараттардын ичинде ар кандай уулуу заттар топтолот, аларды айрым материалдар, айна, идиш-аяк жуучу каражаттар, проводдон келген суу пайда кылат. Көчөдөн кирген аба деле таза жана коопсуз боло бербейт. Мындай ден соолукка зыянын тийгизчү заттарды гүлдөр жок кылып, абаны тазалап турат. 

 

Булак: NewTV 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.