Футбол федерациясынын президенти болуп Канатбек Маматов шайланды. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында жарыяланды. 

Бүгүн, 9-февраль күнү федерациянын кезексиз жыйыны өткөрүлгөн. Анда мурунку жетекчи Семетей Султанов кызматтан кетип,ордуна Канатбек Маматов дайындалган. 

Маматов буга чейин Футбол федерациясынын президентинин орун басары болуп иштеп келген. 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз