Улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен Футбол боюнча Кыргызстандын федерациясы жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, келишим кечээ, 10-февраль күнү түзүлгөн. Эми Крестинин улуттук курама команданы 2022-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылы өтө турчу Азия кубогуна даярдайт.

Крестинин өзү улуттук курама менен чогуу иштей турганына кубанычта экенин билдирди.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз