“Таза жашоо” улуттук кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин 90 аскер кызматкери 31-мартта ишембиликке чыгышты.  

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, санитардык тазалоо мекеменин айланасында гана эмес, борбор калаанын мэриясынын тегерек-четинде да жүргүзүлдү.

Бир нече ондогон аскер кызматкерлери Чоң Чүй каналынын жээгин – Элебесов көчөсүнөн Тоголок Молдо атындагы магистралга чейин тазалоого бөлүнүштү.

Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №25 дүлөй балдардын мектеп-интернатына аталган комитет бир нече жылдан бери көмөк көрсөтүп, ишембилик жасап, айлана-четин тазалап келет. Андагы дээрлик 7 гектар аймак 25 аскер кызматкеринин эмгеги менен таштандылардан арылды.

ФОТО - «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында аскер кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.