Шайлоо мыйзамынын эң чоң алешемдигинин бири форма 2 деген балээде экен.
Нак добуш сатып алуунун эң бир ишенимдүү жолу ушунда окшобойбу.
Маселен депутаттыкка бараткан талапкер партиянын ичиндеги өзүнө бөлүнгөн аймактан көбүрөөк добуш алуу үчүн туугандарын, куда сөөгүн, дос тааныштарынын бирин койбой жердин түбүнөн болсо да сууруп чыгып дал ошол өзүнүн чөлкөмүнө форма 2 менен каттатып жатат.
Ар жагы Ат-Башы менен Алай, бер жагы Талас менен Чүй болобу баары бир.
Иши кылып добушун берсе эле болду.
Эми ошолордун баары бекер болгон жок.
Баарын акча менен көндүрүп орун которуштурууда.
Ал үчүн 1000 – 3000 сомго чейин берип жатышкандары айдан ачык айтылууда.
Ошол болбогон акча үчүн бир аймактан экинчи бир аймакка барып добуш берүүгө макул болгондорго жол болсун!
Алыс аралыкка бир күн мурда атайын уюуштурулган кичи автобустар менен жеткирип, добуш бердирип анан кайра алып келишкендерин кошкондо бир добуш жөн эле 5000 сомго чыгып калат.
Аа-ай кайрангана караңгы шайлоочулар бир саатта жеп, ичип жок боло турган арам акчага эмнеге мынча жан талашып, макул болуп балдарыңардын, өлкөнүн келечегине кайдыгер карап калдыңар?!
Кантип ушундай болсун?!
Дегеним форма 2нин формуласы ушунтип оңой жана ишенимдүү добуш сатып алууда экен.
2015- жылдагы парламенттик шайлоодо да ушул форма 2 менен бүтүндөй бир айылдын жарымынан көбү башка жактарда көчүп конуп, добуш бергендери ызы чуу сөз болгондо, ушул эле бийликтегилер бул атың өчкүр Форма 2 деген жоболоңдуу жорукту жоготобуз дешкен элего.
Кана жоготконуңар?
Тескерисинче өнүктүрүп, өстүрүп жибердиңерго бул сапар.
Раматылык Дооронбек Садырбаев айтмакчы кайран элим мурдуңарга бок сүйкөлүп бүттүго!
Өзүңөр уялбай туруп өлкөңөрдүн тагдырына бала бакыраңардын келечегин кошуп туруп үч миң сомго сатып жиберип, анан эртең кантип бийликтегилерди күнөлөйсүңөр, тилдейсиңер!
Бүгүн дагы кеч эмес. Шайлоого дагы жарым ай бар.
Ойлонгула!
Ойгонгула!
Ушунчалык акчага зар болсоңор ошол “берешен” партиялардын акчасын алып, ишиңерди бүтүрсөңөр бүтүрүп алып, коркпой үркпөй, тайсалдабай элим жерим деп күйгөн, акча бербеген партияларга чын жүрөктөн, мекенчилдик сезим менен добушуңарды бергилечи.
Алар силерди отуз жыл боюу алдап келишти.
Силер бир жолу аларды алдап, бирок өзүңөрдү, элди алдабай добуш берсеңер балким кечиримдүү болот.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.