Свердлов райондук администрациясынын 250 фитнес-билерик алууга 500 миң сомдук тендер жарыялаганы коомчулукта кескин сын-пикирди жаратты. Социалдык түйүндөрдөгү кызуу талкуулардан кийин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тендерди жокко чыгаруу чечими кабыл алынганын кабарлады. Мэрия тараткан кайрылууда “Жергиликтүү бюджетти үнөмдүү пайдалануу максатында мэрдин милдетин аткаруучу тендерден баш тартуу маселесин тапшырды”, – деп айтылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, 8-март майрамына карата райондогу активист аялдарга белекке берүү үчүн фитнес-билерик сатып алуу үчүн тендер жарыяланган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.