Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтын жетекчиси Замирбек Осмонов бүгүн премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынды. 

Бул тууралуу КР Өкмөтүнөн маалымдашты. 

Премьер-министр  Сапар Исаковдун буйругуна ылайык,  Сүйүмбаев Болот Турарович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп жүрүп, президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматтан бошотулган. Аны коомчулук экс-президент Атамбаевдин ишенимдүү адамы катары тааныйт. 

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.