Жалал-Абад облусундагы ММА жана Панкратион федерациясы тарабынан уюштурган республикалык 4-чемпионат жыйынтыкталды. Азия жана эл аралык чемпионатка 8 жолдомону утуп алуу үчүн өлкөнүн ар аймагынан 300 мушкер катышты. Албетте, мелдеш айрым келишпестиктер менен коштолду. Анда калыстардын чыгарган туура эмес чечиминен улам талаш-тартыштар да орун алды. Натыйжада, 2 курду Жалал-Абад, экөөнү Бишкек, төртөөнү Ош облусунун спорчулары жеңип кетти.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз