Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуусунун мындан аркы жолдору талкууланды.

Ошондой эле ушул жылы эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтө турган Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин отурумуна даярдануунун жүрүшүнө да токтолушту.

Мындан тышкары, Улан Ниязбеков менен Фуат Октай ФЕТӨ уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелерди талкуулады. Белгилей кетсек, ФЕТӨ Түркияда террордук уюм катары таанылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.