КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды. Бул тууралуу аталган партиядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ниязов “барымтага алуу” беренеси боюнча кармалган. Анын баш коргоо чарасы эртең, 10-августта каралат.

Ошондой эле, депутат Асел Кодуранова ИИМге суракка чакыртылса, Ирина Карамушкинанын үйүнө милиция кызматкерлери барганы кабарланды.

Белгилей кетсек, кечээ 8-августта Алмазбек Атамбаев кармалып, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева күбөө катары сурак берип чыккан. Бирок ал бүгүн дагы кайрадан суракка чакыртылган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.