Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана Инвестициялык гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Суу ресурстары агенттигинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 6,5 млн евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 2,5 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 4 млн евросу грант болуп саналат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.