Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттигинин иликтөөсүнө ылайык акыркы убактарда эттин баасынын көтөрүлүшүнө фермерлерибиздин коңшу өлкөлөргө Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга ийри мүйүздүү малды сатуулары көбөйгөнү негиз болуптур.
Анткен менен агенттиктин маалыматында эттин баасы 7-8 сомго 1,5-2,2 пайызга гана кымбаттады деп айтылат.
Ал эми чындыгында бүгүнкү күндө эттин баасы мурдагысынан 40 – 50 сомго 6-7 пайызга чейин кымбаттаганы көрүнүп эле турбайбы.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.