Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров буга чейин эс алып келген адат, салттан сыягы чыга албады көрүнөт. Мындай дегенибиз, кыргыз бийлиги мурдаттан майрам күндөрү эс алууну созуп отуруп бир, эки жумага жеткизет эмеспи. Анын сыңары  1-январдан 7-январга чейин жана 9-майдан 12сине чейин аталган министрлик өлкөгө кошумча дем алыш сунуштады. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Азырынча мындай сунуш бекитиле электиги айтылууда. Негизи эс алган деле жакшы дечи…Бирок,..

Ал маалыматка караганда, министрлик өкмөттүн азыркы «Дем алыш күндөрүн жылдыруу тууралуу» токтомун кайра карап ушундай жыйынтыкка келген.

Ага ылайык, 30-31-декабрь жана 1-2-январь майрам болгондуктан иш күнү болбойт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз