Эртең 30-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматы боюнча Өлкө башчысынын коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи  таза чыкты. Эске сала кетсек анын буга чейин Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.