Майрамбек Акилеев эрежесиз эр уруш менен 2 жылдан бери машыгып келет. Ал мындай масштабдуу чемпионатка алгачкы ирет катышып жаткандыгын айтат. Балбан мелдеште ийгилик жаратуу үчүн эки ай талыкпай даярданган.  

Чемпионатка катышабыз деп 100 мушкер билек түрүп турат. Өлкөнүн жети дубанынан келген спортчулар 8 категория боюнча ат салышат. Бүгүн алардын атаандаштары так аныкталды. Эми эртең беттештин биринчи күнү башталат. Күчтүү балбандарды тандоо үчүн Оруссиядан калыстар келген.  

Эске салсак, Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстан чемпионаты өткөн жылы экинчи борбор аталган Ош шаарында өтүп, 80 спортчу катышкан. Жалал-Абад шаарында өтө турган Кыргызстандын 4-чемпионатында жеңишке жетишкен балбандар Азия жана Дүйнө чемпионатына жолдонмо алышат.  

(Фото интернеттен алынды)

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.