30-апрелде Ташкентте Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу салтанаты өттү.

Учурда «Куксарой» резиденциясында эки президенттин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өтүүдө. 

«Негизги көңүл соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкка бурулууда. Өзбекстан жана Түркия элдери бул сүйлөшүүлөрдөн чоң натыйжаларды күтүүдө», – деп билдирди өзбек президентинин маалымат кызматы. 

Өзбекстан президенти менен жолугушуудан кийин Режеп Тайип Эрдоган өзбек парламентинде сөз сүйлөп, андан соң Шавкат Мирзиёев менен бирге түрк-өзбек ишкерлеринин форумуна катышат. 1-майда Эрдоган Бухарага барат. 

Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келерде Режеп Тайип Эрдоган журналисттерге маек берип, Бухарадагы сапардын маанилүүлүгүн белгилеген. 

«Бухарадагы сапарым маанилүү. Түркия Өзбекстанда имам Аль-Бухари менен имам Матуриди атындагы илимий-изилдөө институттарын ачууну пландоодо. Бул боюнча келишим бар. Сапар учурунда биз ушул маселелердин баарын карап чыгабыз», – деген Эрдоган. 

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганды жубайы менен жекшембинин кечинде Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.