“Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстандан бир нече багыттар боюнча авиабилеттердин баасы эмнеге өсүп кеткенин айтып берди. Бүгүнкү күндө жарандар аэропортко авиабилеттер кескин кымбаттаганын айтып нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Буга байланыштуу аталган аба майдандын маалымат кызматы билдирүү таратып, аэропорт авиабилет сатуу менен алектенбей турганын жана бааны жөнгө салбай турганын белгиледи. Ошондой эле баа саясатын авиакомпаниялар жүргүзөт. Алар ички эрежелерине таянып сатышат.

Аэропорттон билдиришкендей, Орусия менен Казакстандын шаарларына кеткен гана рейстердин билеттери кымбат болуп жатат. “Орусияга билеттердин наркынын өсүшү COVID-19га байланыштуу болду. Пандемиядан улам авиарейстер кыскарып, чартердик каттамдардын жаңы эрежелери жаралды”, – деп айтылат маалыматта.

Авиабилеттердин кымбатташынын экинчи себеби – учуу эрежелеринин өзгөрүүсү. “Чартердик рейстин жүргүнчүлөрү ПЧР-тесттен сырткары Россияга кирүүгө абдан муктаж болуп жаткандыгы боюнча документин дагы көрсөтүшү керек. Ал эми кадимки каттам менен кеткендерге ПЧР-тесттин анализи гана керек. Мындан улам ушундай каттам менен жүрүүнү каалагандардын саны өсүп, авиабилеттердин кымбатташына алып келди”, – дешти аэропорттон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.