Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Кыргызстанга болгон сапары тууралуу Twitter`деги баракчасына жазды.

Эмине Эрдоган: “Биз Кыргызстанга барганыбызда бир тууган Кыргыз эли бизди жүрөктөн чыккан меймандостук менен тосуп алышты. ТИКА башкармалыгы курган Бишкектеги кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасына бардык. Дарылоо үчүн заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ оорукана кыргыздар үчүн мыкты дарылоочу борбор болот деп эсептейм”, – дейт.

Экинчи твитинде биринчи айым Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага барганы тууралуу жазган.

Эмине Эрдоган: “Кыргызстандын улуттук китепканасында биз Чыңгыз Айтматовдун маданий борборун ачтык. Ал жерде 5 миңге жакын түрк тилиндеги китеп бар. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөөгө себеп боло турган балдар үчүн дагы бөлүм бар. Улуттук китепканада кыргыз-түрк маданий борборунун ачылыш аземинде мен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу жана карындашы менен тааныштым. Айтматов Түркияда дагы атактуу адам экенин белгилеп, биз аны эскердик”, – дейт.

Андан соң “Биз Кыргызстандан керемет сезимдер менен кайттык. Кырчын капчыгайында көчмөн жашоонун түрдүү аспектилерине күбө болдук. Кыргызстандын өнүгүүсүнө биздин өлкөнүн катыштыгынан кабар берген кыргыз-түрк ооруканага бардык, китепкананы жана маданий борборду ачтык”, – дейт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз