Бүгүн, 12-июнунда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев имам Сарахси атындагы республикалык  борбордук мечитте Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга  Нике каттоо журналын тааныштырды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Шарияттык никени каттоо жүргүзүү үчүн  дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жарандардын никеге тиешелүү болгон өздүк  документтерин (паспортторун) талап кылат жана мыйзамдын талаптарына жараша 18 жашка толгон жарандарга гана нике кыю  жөрөлгөсүн шарияттын негизинде өткөрөт. Шарияттык никени каттоо жүргүзгөн дин кызматкерлери жана имамдар квартал сайын райондук баш имам хатиптерге отчет тапшырышса, ал эми райондун баш имамдары облустук казыяттарга, облустук казыяттар Муфтиятка нике тууралуу отчет берип турушмакчы.

Журнал имамдар ортосунда шарияттын бардык талаптарына жооп берген каттоо болгондуктан юридикалык күчкө ээ болуп эсептелбейт, бирок шарияттын негизинде кыйылган нике Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын нике каттоо журналына катталат жана мамлекеттик нике каттоо органдырына барып, никени каттатып, нике күбөлүгүн алуусу зарыл. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев акыркы учурларда жубайлар ортосунда араздашуудан улам ажырашуулар болуп жатканын айтып, Нике каттоо журналы аркылуу жубайлардын үй-бүлөсүн бекемдегенге, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин баса белгиледи.

Азирети Муфтий:  “Муфтият Нике катоо журналынын үстүнөн бир жылдан ашуун эмгектенди. Чет мамлекеттердин тажрыйбасы дагы колдонулду. Журнал Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан жактырылып, бүгүнтөн тарта Кыргызстандын бардык областтарындагы казыяттарда кезек-кезеги менен имамдарга журнал тууралуу окутуу сенминары жүрүп, тааныштырылып, андан соң гана тапшырылат. Кийин муфтият бул журналды дыкат көзөмөлгө дагы алып турмакчы”,-деди.

Журнал 3 миң нуска менен басылып чыкты. 2019-жылдын 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамамдарга окутуу иштери жүргүзүлүп, тарапшырылмакчы. Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы имамдарга уюштурулган окуу семинарына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов жана КМДБнын фатва бөлүмүнүн адистери катышты.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз