Эми электрондук патентке смартфон аркылуу буюртма берип, акысын ошол эле жерден төлөөгө жол ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул нерсе салык процедураларын санариптештирүү боюнча “Смарт салым” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Ушул тапта патентти MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу алууга болот. Бирок жакынкы келечекте башка дагы тиркемелер пайда болмокчу.

Реквизиттер менен төлөмдүн суммасын сервис автоматтык түрдө даярдап берет. Жаран болгону транзакцияны тастыкташы керек.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.