Электр энергиясына жаңы тарифтик саясатты ушул жылдын октябрь айында киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

“2021-2025-жылдарга электр энергиясынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору жаз айынан бери коомдук талкууда болду. Учурда документ президенттин администрациясы жана министрлер кабинетинин аппаратынын кароосунда. Жакын арада ал документке кол коюлат. Эгерде документке кол коюлса, октябрдын аягында электр энергия, ысык суу жана жылуулукка жаңы тариф киргизилет”, – деди Айталиев.

Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөй турганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Ушул эле долбоордо өндүрүштүк ишканалар башкача айтканда, арак, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт деп көрсөтүлгөн.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйыл 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелмек. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналмак.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.