Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси А. Жекшенкулов Татарстан Республикасында туруктуу жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолушту. Жолугушууга Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары В.Шайхразиев мырза катышты. Мындай маалыматты ТИМден кабарлашты.

А. Жекшенкулов Татарстан Республикасында туруктуу жашап жана эмгектенишип жаткан Кыргызстандын жарандарына түзүлгөн ыңгайлуу шарттар үчүн Татарстан Республикасынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстандын жетекчилигинин жүргүзүп жаткан саясатынын багыттары тууралуу айтып, алардын ичинде чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо иши негизги артыкчылыктарынан экендиги тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарына укук жана консулдук маселелер боюнча кеңештер берилди. Ошону бирге ошол эле жерде айрым жарандардан консулдук документтери боюнча тиешелүү материалдар кабыл алынды. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз