УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө аталган уюмдун өкүлү Кыргызстандын жараны С.А. кармалды. Бул маалыматты УКМКдан кабарлашты. Ал экстремисттик материалдарды интернет аркылу коомдук тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын  жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.

Ошондой эле, ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдөгү, Кыргызстандын аймагында жасалма документтер менен жашынып жүргөн, Борбордук Азия мамлекетинин биринин жараны Б.Н. кармалды.

Азыркы убакта прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.