Иранда өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык балбандар чемпион болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлады.

Маалым болгондой, Тегеран шаарында 7-8-февраль күндөрү өткөн Takhti Cup 2019 эл аралык турнирине Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышкан.

Спорттун эркин күрөш түрү боюнча күч сынашкан спортчулар, Эрназар Акматалиев менен Улук Жолдошбеков алтын тагынып, Нургазы Абдуразаков болсо коло медалга ээ болду.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз