Кылмыш жасагандыгы үчүн Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Түркиянын “У” аттуу жараны ички иштер органдарынан жашырынып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндүгү жана Европа өлкөлөрүнө жасалма документ менен кетүүгө аракеттенип жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 35 жаштагы Түркиянын жараны кармалган. Алынган маалымат боюнча ага Түркияда жасаган оор кылмыш иши үчүн издөө жарыяланган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми, соттун чечими менен №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз