Бишкекте Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи Май РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана Интерполдун кыргыз бюросунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Түркиянын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Кармалган жаран Казакстанда кылмыш жасап, качып кеткенге шектелип жүргөн.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.