Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышып, эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК менен ИИМ биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургунун кармашты. Колго түшкөн адам 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, ЭТУ эмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сириянын өкмөтүнө каршы «жихадга» катышуу максатында Түркияга жана андан нары Сирияга кеткен.

Анын согушка активдүү катышканы айтылууда. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз