Жакында эле президенттин жарлыгы менен судьялыктан бошотулган Гүлчехра Оморовага коркутулуулар болуп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.  

Ал экс-судьянын коркутуулар боюнча жазган арызын президент өзү көзөмөлгө алса жакшы болоорлугун белгиледи.  

“Оморованын арызын окудук, бирок ага карата тийиштүү кызматтардын жообун көрбөдүк. Ошондуктан мен иликтөо иштерин жүргүзүүнү сунуштайм. Формалдуу жоопторду бербейли. Судьялар өзүн өзү коргой албаса, биз кантип коргоо издеп сотко кайрылабыз?” – деди депутат.  

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.