ЖЭБдеги чуудан улам экс – президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча ЖК депутаттары тарабынан көтөрүлгөн демилгени ишке ашыруу депутаттардын жайкы эс алууларына чейин бүткөрүлүшү керек экени айтылган эле. Ал үчүн атайын мыйзамдык шарттарды даярдоо керек болгон.

Атайын маалыматтарга караганда, парламентте экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганы маалым болду. Бул мыйзам долбоорунда “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-берене толугу менен өзгөртүлгөн.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, “экс-президент кызматта турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт” деген бөлүгү толугу менен алынып салынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Баш прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылары киргизилген. Эгерде мурда иштеп кеткен президент кандайдыр бир кылмыш ишине тиешеси бар деп айыптала турган болсо, анда аны изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз