«Алмазбек Атамбаевдин Индияга болчу сапарынан саясат жасабагыла»- деп, айтылат,  КСДПнын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Ал маалыматта экс-президент 10 күнгө Индияга эс алуу үчүн кетип жатканы белгиленген.

«Социалдык тармактарда экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин Индияга кетип жатканы тууралуу маалымат тарады. Ооба, Алмазбек Шаршенович кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыгып, партиянын иштеринен чарчагандыгына байланыштуу убактылуу алыстап, эс алат.  Ал эми мамлекеттик кызматкер болбогондуктан, ар кандай сапарларга чыгууга укуктуу», – деп айтылат билдирүүдө.

Экс-президент өлкөгө 21-январда кайтып келет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз