Бишкек жылууулук Борборундагы коррупциялык иш аракеттерди иликтеген ЖК комиссиясына акыркы күндөрү коомчулук шектүу карай баштагандай болду эле. Мындай шек саноолор комиссия ичиндеги айрым бир мүчөлөрдун нааразычылктарынан улам пайда болгон.

Тактап айтканда, депутаттар Акылбек Жамангулов жана Алмазбек Токторов иликтөө корутундусуна кол коюудан баш тарткан. Алар корутундуда ЖЭБдеги кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын сарамжалсыз пайдаланышы боюнча жоопкерчиликтүү айрым адамдар тизмеге киргизилбей калганын билдиришкен. Бул аты аталышкан депутаттар өз көз караштарын азыр да карманышып турушканын маалымдашууда.

Бүгүн жыйындан соң корутундуга киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып туруп, пикирин айтарын билдиришүүдо.

Ал эми аталган комиссиянын төрагасы Улан Примовдун маалыматына караганда, бүгүнкү жабык өткөн жыйынында Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча депутаттык комиссия бардык мүчөлөрдүн сунуштарын корутундуга кошмой болду. Буга чейин иликтөө корутундусуна кол койбогон депутаттарын сунушу талкууланып, аларды тыянакка киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ал эми дагы бир депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов болсо иликтөө корутундусуна Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоо боюнча кол койгон бардык жетекчилерге саясий баа берүү туурасында сунуш киргизилгенин кошумчалады.

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.