Бүгүн, 22-майда “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс учуп, кыргызстандык 22 жаран келди. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келген жарандар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.