Коомдук активист Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болот. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Байсаловго Англия тараптан макулдук келген. Эми бул документти ТИМ кабыл алып, андан ары президенттин кол коюусуна жибериши зарыл.

Азырынча Тышкы иштер министрлиги аиталган билдирүү боюнча  эч кандай расмий маалымат жарыялана элек.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз