2018-жылы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө өлкөлөрү менен Кыргызстандын кызмат көрсөтүүсү жана тышкы соода  972,9 млн. АКШ долларын түздү. 2017-жылга салыштырганда 4,4 пайызга кыскарган. ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнө эскпорттук кызмат көрсөтүүсү 429,6 млн. АКШ долларын түздү, (кызмат көрсөтүүнүн жалпы экспорттук көлөмүнөн 51,8 пайызын түздү) жана 2017-жылга салыштырганда 18,9 пайызга кыскарган.

ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнүн импорттук кызмат көрсөтүүсү 543,3 млн. АКШ долларын түздү, (кызмат көрсөтүүнүн жалпы импорттук көлөмүнөн 56,4 пайызын түздү) жана 2017-жылга салыштырганда 11,4 пайызга жогорулаган. ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнө эскпорттук кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүнүн негизги үлүшүнө туризм жана саякат боюнча кызматы (48,9 пайызы) туура келет жана наркы 210,2 млн. долларын түзгөн. Ал эми 2017-жылга салыштырганда 23,3 пайызга азайган. Экспорттук жалпы кызмат көрсөтүү көлөмүндө транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 31,8 пайызын же 136,6 млн. долларын түздү. 2017-жылга салыштырганда 2,5 пайызга кыскарган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.