Бишкектин Биринчи май райондук соту ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. 20-майда Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Мекеменин маалыматына караганда, экс-министр “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шек саналууда. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, Жазык кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

35 жаштагы Дыйканбаев министрлик кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.