Дордой конушундагы кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, 4-август күнү Свердлов районундагы Дордой-1 конушунун 10-көчөсүндө үй-тиричилик техникаларын сактоочу кампадан өрт чыккан. ӨКМдин Өрткө каршы кызматы кечки саат 22лерде өрттү чектөөгө алып, өчүргөн.

Айрым маалыматтарга караганда тилсиз жоо кампага жанаша жайгашкан турак үйлөргө да тийгени айтылууда. Өрт алган кампанын айланасындагы бир канча үйдүн тургундары кырсык убагында башка жакка көчүрүлгөн.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.