Ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө “Манас” бажысынын кызматкерлери диний-экстремистик көз караштагы 48 даана орус жана араб тилдериндеги китептерди алып келе жаткан Кыргызстандын Ж.Н.С. аттуу жаранын кармашкан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын экспертизасынын корутундусуна ылайык жогоруда кармалган китептер салафизим (ваххабизим) идеологияларын камтыйт жана  мусулмандарынын салттуу баалулуктарына каршы келет.

Бул окуя маалыматтарды каттоо журналына жана Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, чогултулган материалдар тийиштүү органга өткөрүлүп берилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз