Кыргызстандын дин башкармалыгынын билдиришинче дин ишмерлери Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академиядан атайын бир айлык курсту окушат.
Муфтийдин орун басары Кадыр Маликовдун айтымында дин ишмерлери дипакадемиядан эл аралык мамилелер, тышкы саясат, конфликтология, азыркы учурдагы кибер согуштар тууралуу билим алышат.
Муфтияттын максаты имамдардын дүйнө таанымын кеңейтип, дүйнөлүк саясий процесстерден кабардар кылуу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.