Ордо калаада узак тарых-таржымалга ээ №5 мектеп-гимназия бар. Анда жатып окугандар балдардын тамагына күнүнө 60 сом бөлөт экен. Ошо кантип болсун, биздин келечегибиз деген таланттуу балдарга карата кам көргөнүбүз ушубу, Өкмөт эмне кылып отурат? Мисалы, түрмөдө жаткан немелерге күнүнө 85 сом бөлүнөт, ал эми Ички иштер министрлигинин иттерине 120 сом бөлүнөт. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Рыскелди Момбеков: «Демек, Ички иштер министрлигинин иттерине жатак мектептин балдарына караганда эки эсе көп акча бөлүнөт экен. Эмне, биздин курсагы тойбогон балдар ошол итчелик жокпу? Балдарга кам көргөнүбүз ушубу? Урматтуу Өкмөттүн өкүлү, айта барыӊыз, бул маселени тезинен чечиш керек. Бул – ийгилик эмес, итчилик!», – деп кошумчалады депутат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз