Акыркы мезгилде милиция кызматкерлери катышкан кылмыштардын саны арбыды. Биздин милиция бизди коргойбу же кордойбу? Бул тууралуу бүгүн, 31-январь күнү депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында Ички иштер министрлигинин жетекчилерине карата ушундай собол салды.

 “ Мурда милиция кызматкерлери жумушка кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин кабыл алынчу, азыр андай болбой калды. Ички иштер органдарында көчөдөн келген кызматкерлер көбөйүп кеткени көрүнүп турат. Милициянын аброю түшүп кетти. Менимче, ички иштер органдарына тереӊ реформаларды жүргүзүп, кызматкерлерди тандоо ишин жакшыртпаса болбойт. Эл ишенимине ээ болмоюнча милициянын кадыры өспөйт”, – деди эл өкүлү.

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.