Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациясын жарыялады.Анда кимдин канча байлыгы бар экендиги ачыкталган. Ал маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Бокоевдин айыл чарба багындагы 16 жер тилкеси, 500 миң сомго бааланган жылкылары жана төрт миллион сомдук майда жандыктары бар.Кенжебек Бокоев өткөн жылы 3,2 миллион сом киреше тапкан.

Булар айрымдар үчүн асмандагы байлык болсо, айрым бир базардагы жөнөкөй  бизнесмендер үчүн суктанаарлык деле эмес болсо керек?

Анын жакын туугандарынын кирешеси да эсепте экен. Алардын Трактор, КамАЗ, жана Lexus LX470 унаалары катталган. Ошондой эле 15 миллион сомдук бодо мал жана 3,9 миллион сомго жеткен майда жандыктары, баасы 1,2 миллион сомго жеткен жылкылары бар экендиги айтылган. Жакын туугандары деле аз эмес болсо керек.

Негизи ак эмгек, мээнеттен табылган байлык болсо, өсүп өркүндөй берсин дегенден башка сөз жок.