Жогорку Кеӊештин депутат айымдарынын форуму баардык облустарда жолугушууларды өткөрүшүп келишти. Жолугушууларда Баткен жана Чаткалда курч маселлер айтылды. Бул тууралуу  Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Баткенде жарандар турак-жай менен камсыздоо, калкты жайгаштыруу маселеси өтө курч турганын, өз үлүш жерлерине үй салып жашоого аргасыз болушканын билдиришкен.

Баткен облусунун Аксай, Самаркандек, Ак-Татыр айылындарында жергиликтүү тургундар үлүш жерлерине там салып, 2-3 жылдан бери жашап жатат. Бирок мамлекеттик экотехинспекция үлүш жерге үй куруу мыйзамга каршы келерин белгилеп, ал тамдарды бузуу чечимин чыгарган. Ошондон бери үй ээлеринин санаасы тынчыбай, эл өкүлүнө маселени чечип берүүсүн өтүнүүдө. Бул маселе боюнча өкмөттүн берген жообу депутат Карамат Орозованы да ынандырбай турат. Анын айтуусунда, Баткенде болгону 2 сотудан үлүш жер тийген, элдин турак-жай курууга башка жери жок.

Депутат Карамат Орозова: “Алар Россияда иштеп, акча чогултуп, араӊ дегенде үй курган. Эми аны экотехинспекциянын бузабыз деген чечими туура эмес. Ал үйлөрдө 2-3 жылдан бери жашап жатат. Башка жери жок болгондон улам курушкан да. Ооба, бул жерде мыйзам бузулуп жатат, бирок өкмөт элдин маселесин чечүүнүн кандайдыр бир мыйзамдуу жолун табышы керек”, – дейт.

Чаткалда экология бузулууда. Эл өкүлү Чаткал районундагы кен казууга байланыштуу ойлондура турган маселелер бар экенине токтолду. “Чаткалда 4 гана компаниянын лицензиясы бар экен. Калгандары бүт эле экологияны талкалап жатат деп айтууда. Бул жакка да өкмөт көңүл буруусу кажет”, – деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз