Жаӊы жылдан тарта иштей баштаган жаңы мыйзамдарга карата коомчулукта ар түрдүү кайчы пикирлер пайда болуп, социалдык тармактарда башкы темага айланды. Жогорку Кеңештин дарегине да сындар айтылууда. Алар айып пулдардын көлөмү өтө жогору коюлганына нааразылык билдирсе, тартип орнотуу үчүн ушундай мыйзамдар керек эле дегендер да болууда. Ал эми эл өкүлдөрүнүн ою кандай экендигин  Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы иликтеген.

Бузуулар кодексинде, тагыраагы айып пулдарды салуу боюнча бир катар кемчиликтер орун алганын белгилеген депутат Дастан Бекешов өз сунуштады. Ага ылайык, жаңы кодексте жол эрежесин бузуу фактысы катталгандан кийин 1 ай ичинде айып пул төлөнбөсө, ага туум кошулат жана аягында соттошуу жолу менен өндүрүлөрү жазылган. Эл өкүлүнүн пикиринде, эгер жол эрежесин бузган киши 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, айып пулдун көлөмүн эки эсе азайтуу керек. Бирок, ал мас айдоочуларга тийиштүү болбойт.

Депутат Д. Бекешов: “Чынында эле айып пулдардын көлөмү жогору болууда. 5500 сом көптөр үчүн оорчулук кылат. Ал акчаны өндүрүү да кыйын. Ошондуктан, мен 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, аны 50 пайызга кыскартууну сунуштайм. Мисалы, коопсуздук курун байланбаганы үчүн азыр 1000 сом болсо, а эгер ал айып пулду 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, 500 сом болуп калат. Айып пулдарга ошондой жеңилдиктерди кароо зарыл”, – дейт.

Анткен менен Бузуулар кодексинин Жол кыймылы жөнүндө мыйзамында дагы бир оркойгон адилетсиздик орун алганы байкалып турат. Ичкилик ичип алган айдоочу жолдо кармалды дейли. Эгер ал мастыгын мойнуна албай, наркологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарта турган болсо, ага болгону 5500 сом айып пул каралаган. Ошол эле учурда, экинчи мас айдоочу каршылык көрсөтпөй, өз ыктыяры инспектордун талабын аткарса, ага тескерисинче 17500сом айып пул салуу көрсөтүлгөн. Муну оңдоп-түзөө керек.

“Кабыл алынган кодексте инспекторго баш ийбей жолун улап кетип калган айдоочуга 3-категориядагы 5500сом айып пул каралып калган. Ал эми наркологияга барып, текшерилген адамга 8-категорияда же эң жогорку 17500 сом каралат”, – дейт ИИМ орун басары Курсан Асанов.

Ал эми депутат Мирлан Жеенчороев айып пулдарды көтөрүү элдин чөнтөгүнө кол салуу эмеспи деген суроого төмөнкүдөй жооп кайтарды: “Мен бул мыйзамдарды колдоймун. Мыйзамды бузбасын да, айып пул төлөбөсүн. Адамдын өмүрү эч кандай акча менен бааланбайт. Анын кунун акча менен төлөгөн заман өткөн. Жоопкерчиликти күчөтүү кажет. Маселен, чет мамлекеттерде семичке же жевачканы ыргыта турган болсоӊ, олчойгон штраф салынат. Биздикилер деле маданияттуулукка көнсүн”, – дейт ал.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз