Жогорку Кеңеште Айнуру Алтыбаева аттуу активдүү айым депутатты коомчулук жакшы билет. Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. Айнуру айым иштеген иши менен да көптөгөн балык депутаттардан айырмаланып, жаңы демилгелерди, сунуштарды көтөрүп келе жатканы,  эмгекчилдиги менен белгилүү. Алардын бири катары саясий партияларды каржылоо керектиги тууралуу мыйзам долбоорун сунуш кылып, коомчулуктун түрдүү катмарынын сунушуна кабылганы эсте. Учурда мындай демилгени көтөрүү канчалык оор экендиги да маалым.  Аял киши болсо да өзүнүн адресине карата айтылган сын – пикирлерди солк этпей көтөрүп келет. Болбосо мындай саясий өңүттөгү мыйзам эркек аттуу, акылдуу, билимдүүмүн деген депутаттардан чыкса андан да жарашып калмак.

Негизи илим-билимдүү, интеллектуал. Акырында айтарыбыз Айнуру Алтыбаевга окшогон  эл өкүлдөрү кийинки чакырылыштагы депутаттык жарышка аттанса эмнеге болбосун десең?..

Ошону менен катар эле саясий оюндарда оң – солго чарпыла бербегендиги менен көзгө көрүнгөнү бар.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз