Учурда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги коррупциялык иштер боюнча тергөө аяктап, сотко өткөндүгүнө байланыштуу талкуу уланууда. Талкууга Башкы прокурор Ө. Жамшитов жана башка бул коррупциялык иштерди иликтеген күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда. Депутат Асылбек Жээнбеков аталган долбоордун ЖК тарабынан кабыл алынып калышынын тарыхына кыскача токтолду.

Жыйын суроо – жооп иретинде уланууда.

Асылбек Жээнбеков: “Жогорку Кеңеш ар дайым жакшы ой менен чечимдерди кабыл алат. Бул келишимди да биз колдогондо башкаларга ишенип, ак ниет менен колдоп бергенбиз. 2013 – жылы 6-июлда келишимге өкмөт кол койгон.  Анан тездетип берүүнү өтүнгөн кат бизге өкмөттөн келген. 9 -10 – сентябрда ЖКнын үч комитети караган. Алар өздөрүнүн чечимдерин чыгарышкан. Ал комитеттердин жетекчилери азыр да ушул жерде  отурушат. Кайра декабрь айында өкмөттүн колунан өтүп, ЖК га келген.

Аталган мыйзам долбоору өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу менен кечиктирилгис, кезексиз кароо керек деп келген. Баш мыйзамга ылайык биз карап бердик. Жыйынтыктоочу чечимди Эл аралык комитет ЖКдан үч окууда, бир күндө кабыл алып берүүнү суранган.  Аталган долбоорду кабыл алууда мыйзам бузуу болгон эмес.

Өкмөттөн кечиктирилгис, кезексиз деген өтүнүч менен көп каттар келчү. Ошол тартипте карап бергенбиз. Мына бүгүн да карап жатабыз. Ошондо деле долбоордун кымбаттыгына байланыштуу суроолор көп болгон.

Уурдагандар жооп бериши керек. Биз мындай болушун билген жокпуз. Алла таала суукту берип, баары авариядан кийин билинди. Муну баарыбыз моюнга алышыбыз керек. Жыйынтыгында ЖКда комиссия түздүк.

Ошондо өкмөт тарабынан өкмөттүн комиссиясын түзөлү, депутаттар ошо комиссиянын ичине киришсин. Ошо менен жыйынтактап коелу дешкен. Ал сунушка ЖК макул болбой, шек санадык. Уурдаган окшойт дедик.

Анан ЖКнын комиссиясынын жыйынтыгы менен кыңыр иштер ачылып жатат. Учурда уурдагандардын айласы кетип, эптеп кутулушу керек болуп туру. Уурулар жооп бериши керек”..деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз