ТЭЦтеги коррупциялык иш аракеттер улам тереңдеп, премьер – министрди суракка алууга чейин жетти. Мындан улам өткөн алты жыл ичинде ишке ашырылган ири долбоорлорду текшерүү демилгеси ЖКнын айрым депутаттары жана коомчулук тарабына көтөрүлө баштады.  

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун айтымында, «Датка-Кемин» подстанциясына жалпы 600 млн. доллар акча сарпталган. Ага кеткен жолдогу 10 км аба чубалгысынын бир километри 864 миң доллардан айланган.

Ошондуктан депутат бул маселе терең иликтенип чыгышы керек деген пикирде. Анүчүн депутаттык комиссия түзүүнү да демилгелеп жатат. Буга кошумча, эл өкүлү Бишкек ЖЭБ сыяктуу ири долбоорлордун ишин эл аралык аудиттик компанияларга берүү зарыл экенин айтты.

Балыкчы – Жалал Абад авто унаалар жүрүүчү жолуна кеткен каражаттар тууралуу да ушундай эле кумөн саноолор арбын.

Эске салсак: экс президент А. Атамбаевдин учурунда Датка Кемин электр көмөкчү чордону, ТЭЦти реконструкциялоо, Балыкчы – Жалал Абад авто жолунун курулушу кытайдын ири инвестициялык долбоорлорунун эсебинен каржыланып келет.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз